Кочкордо атылган карышкырлар комиссияга көрсөтүлдү

turmush
Скачать
Просмотров: 416
 
Опубликовано 23 Января 2020, 10:07

Нарын облусунун Кочкор районунда мергенчилер тарабынан атылган карышкырлардын,  чөөлөрдүн  терилери кабыл алынды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.  
Кочкор районунда карышкырга аңчылык кылган мергенчилер бир ай ичинде 7 карышкыр, 32 чөө атышкан. Алардын терилери комиссияга көрсөтүлүп, карышкырлардын кулагына бирка басылып, чөөлөрдүн баштары кесилип таштандыга ыргытылды.
    Комиссиянын төрагасы,    акимимдин биринчи орун басары Нурлан Эшмухамбет уулунун айтымында,  комиссия тарабынан   карышкырларды жана чөөлөрдү олжолоонун фактысы,  анын өлтүрүлгөн же атылган мезгили  жана убактысы күбөлөндүрүлөт.