Чүй облусунун Кемин районундагы Тар-Суу айылынын тургундары жапайы жаныбарлардын коругун түзүп, фонд түптөшкөн. Учурда алардын аракетинин акыбети кайтып, аркар, кулжа, кыргоол жана башкалар айылды тегеректеп, адамдарга үйүр алып калышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган фонддун кызматкери Мукамбет уулу Үзүрбек билдирди.