Кадамжай райондук жарандык актыларды каттоо бөлүмүндө кезек күткөндөр көбөйдү

turmush
Скачать
Просмотров: 200
 
Опубликовано 21 Января 2020, 17:41

Кадамжай райондук жарандык актыларды каттоо бөлүмүндө кезек күткөндөр көбөйдү. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.
Маалыматка караганда, мындай көрүнүш элдин кыжырдануусун жаратып жатат. Себеби алыскы айылдардан келгендер бир документ үчүн 2-3 күндөп кезекке туруп иштерин зорго бүтүрүп кетип жатат.

Аталган бөлүмдүн жетекчиси Гүлмира Омошеванын айтымында, мекемеде учурда 3 кызматкер иштейт. 1 күндө ар бир кызматкер 40тан ашык адамды кабыл алууга мажбур болушууда. Анткени район чоң.

Кадамжай районунун акиминин орун басары Сейилкан Асанованын айтымында, аталган райондун калкынын саны 194 миң адамды түзөт. Жарандык актыларды каттоо бөлүмү азыр «Улыбка» балдар бакчасынын бир бөлүгүндө иштеп жатат. Ал эми калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмү болсо Кадамжай шаардык мэриясынын эски имаратында иш алып барууда. Бүгүнкү күндө бул жерлерде кезек күтүү көп болуп жаткандыктан аталган мекемелерди шаардык мэриянын жаңы имаратынын экинчи кабатына көчүрүү пландалууда.