Баткендик айдоочулар жол кыймылынын эрежесин бузуудагы айып пулдун өлчөмү жөнүндө

turmush
Скачать
Просмотров: 79
 
Опубликовано 21 Января 2020, 16:31

Жалган же жасалма мамлекеттик номурлар менен унаа айдагандарга буга чейин салынып жүргөн айыптарды өлчөмү көбөйдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Мустапакул Назаров билдирди.

Анын айтымында, аталган мыйзам бузуулар 10 миң сом өлчөмүндөгү айып пул менен бузуулар категориясына киргизилген. Эми жаңы мыйзамдын ишке кирүүсү менен бул эреже жоруктар категориясына өткөрүлүп, айып пулу миң сомдон миң сомго чейин көбөйтүлөт.

айдоочу Камбар Эшназаров айып пулдун азайтылышы жакшы болду деп эсептейт.
«Жол эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пулдун азайышы жакшы болду. Бирок спирт ичимдигин ичип унаа башкаргандарга көбүрөөк эле айып пул салса болмок. Себеби жаш балдар спирт ичимдигин ичип алып унаа башкарып, көптөгөн жол кырсыктары болуп келет. Ылдамдыкты катуу айдагандары да бар», - деди ал.

Экинчи айдоочу Абдилаким Шадыманов мамлекеттин айып пулдун мындан да арзаныраак кылса жакшы болорун айтат.

«Айып пулдар карапайым элге оорлук кылат. Бай, кызматы бар адамдарга бул көйгөй эмес», - деди ал.

Матмуса Айбалаев көп жылдан бери айдоочулук менен алектенет.

«Унаалардын оңдотууга да акча көп кетет. Андыктан айып пулдун азайганы айдоочуларга жакшы болду. Бензин да кымбаттап жатат», - деди ал.

2019-жылы Баткен облусунда жалпы айып пулдан түшкөн акча 25 млн 240 миң сомду түзгөн.


Буга чейин 16-январда президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Жоруктар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койгону кабарланган.

Өзгөрүүлөр Бузуулар жөнүндөгү кодекстин ченемдерин жакшыртуу, жарандардын жоопкерчилигин ажыратып бөлүү бөлүгүндө, акыйкат жана гуманизм принциптерине таянып, бузуулардын айрым категориялары үчүн айып пулдардын өлчөмдөрүн өзүнчө белгилөө максатында кабыл алынды.

Мыйзам менен Бузуулар жөнүндө кодексинин 123-1-беренесинде (Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу) көрсөтүлгөн айрым бузуулар үчүн айып пулдун өлчөмү 3000 сомдон 1000 сомго чейин төмөндөтүлдү:

— жол белгилеринин талаптарын аткарбоо;

— жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо (каршы кыймылдын тилкесине чыгуу менен кууп өтүү, же болбосо манёвр жасоо эрежелерин бузууларды кошпогондо);

— токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу;

— коопсуз дистанцияны, интервалды сактабоо, же болбосо жолдун жүрүүчү бөлүгүндө транспорт каражаттарын жайгаштырууну бузуу же автомагистралда жүрүү эрежелерин бузуу;

— жол чырактын тыюу салуучу белгиси же жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосу болгондо жол белгилери же жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн чийиндери менен белгиленген токто линиясынын алдындагы жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын аткарбоо;

— каршы кыймыл тилкесине чыкпай туруп кууп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу;

— тышкы жарык берүүчү приборлорду же болбосо эскертүүчү белгилерди пайдалануу эрежелерин бузуу (бардык механикалык транспорт каражаттарына сутканын жарык убагында калктуу конуштардан тышкары жерлерде фаранын жандырылган жакын жарыгы менен жүрүү талаптарын кошпогондо).

Ошону менен бирге транспорт каражатын жалган же жасалма мамлекеттик каттоонун номурдук белгилери менен башкаруу бузуулар категориясынан (айып пулу 10 000 сом) жоруктар категориясына өткөрүлүп (айып пулу 20 000 сомдон 30 000 сомго чейин), бул укук бузуулуктун жоопкерчилиги күчөтүлгөн.

Кабыл алынган мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.