Чүйдүн жүргүнчүлөрү эки шаарга каттаган кичи автобустардын көзөмөлгө алынбай жатканына нааразы

turmush
Скачать
Просмотров: 72
 
Опубликовано 21 Января 2020, 13:51

Чүй облусунун Токмок шаарындагы тургундар Бишкек—Токмок, Токмок—Бишкек каттамы менен жүргөн кичи автобустар ички жол менен эмес, айланма жол менен каттап жатышканына нааразы болушууда, деп билдирди аймактык кабарчы.
«Мен видеону кечки саат 19:00дө тартып алгам. Унаа жок. Кыш-жай дебей ушул көрүнүш. Өзгөчө кышында кичи автобусту зарыгып күткөн жаман. Такси менен кетейин десеӊ, анын баасы кымбат.

Ичи менен каттаган бир да кичи автобус жок, ал эми киши көп. Негизи булар ичи менен катташ керек. Бирок көпчүлүк айдоочулар өз ыңгайна карап, айланма жол менен кетип калышат. Элдер барчу жерине кечигип баштаганда айла жок таксиге отура башташат. Буларды көзөмөлдөгөн бирөө барбы?», - деп суроо салышты алар.
Токмок шаардык мэриясы бул кичи автобустар Транспорт жана жол министрлигине карай турганын билдиришти.
«Биздин шаардын ичинде жүргөн кичи автобустар болсо, көйгөйдү жөнгө салсак болот. Ал эми бул шаарлар аралык жүргөн кичи автобустардын ишине кийлигише албайбыз. Бул маселе менен Транспорт жана жол министрлигине кайрылышса туура болот го деп ойлойбуз», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.