Кочкор районундагы мергенчилер Жумгал, Кочкордогу бодо мал, топоздорду жеп жүргөн карышкырды атып алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мергенчи Таалай Осмоналиев билдирди.
Анын айтымында, мергенчилер Сөөк жайлоосунан 6 карышкырды кубалап ата албай, жырткычтар Жумгалга ашып кеткен. Из чалып кууган мергенчилер Окторкой менен Сандыктын чегинен карышкырларды туш-тарапка чачыратып, бир дөбөт карышкырды атып алышты. Калган 5 карышкыр кутулуп кеткен. Олжолуу келе жаткан мергенчилер Көк-Жар айылынан бир чөөнү атып алышкан.
Ошондой эле мергенчилердин дагы бир тобу Шамшы айылынан 2 карышкырды атып алышты.