Кочкорлуктар дубан башчыдан жайыт маселесин чечип берүүнү суранышты

turmush
Скачать
Просмотров: 540
 
Опубликовано 15 Января 2020, 19:06

Кочкорлуктар облус жетекчисинен 10 жылдан бери чечилбей келе жаткан Кара-Жылга, Кум-Белдеги жайыт маселесин чечип берүүнү суранышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкуловдун Кочкор районундагы Кум-Дөбө, Ак-Кыя айыл аймактарындагы эл менен жолугушуусунда Кочкор районунун малчылары бир канча жылдан бери чечилбей келе жаткан жайыт маселесин көтөрүшкөн. Малчылардын айтымында, Кара-Кужур өрөөнүндөгү Кара-Жылга жайлоосу, 51 миң гектар жайыт жер Кочкор районуна тиешелүү болчу. Бирок союз маалынан бери аны Нарын районунун Миң-Булак айыл өкмөтү пайдаланып келе жатат.