Бүгүн, 14-январда Баткен районундагы кыргыз-тажик чек арасында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы боюнча эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсүнүн биринчи айлампасы бүттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, сүйлөшүү Баткен районунун Кызыл-Бел айылына чектеш Тажикстандын Гүлистон айылындагы Гүлистон чек ара бекетинде өттү. Кыргыз делегациясынын курамында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, УКМКнын жетекчиси Орозбек Опумбаев, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров, Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рүстембеков бар. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал, аны турукташтыруу боюнча мындан аркы чаралар, чек ара коопсуздугун бекемдөө, чатактарды алдын алуу чаралары, ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин активдештирүү маселелери талкууланды.