60 жаштагы Тыныбек Жороев

turmush
Скачать
Просмотров: 778
 
Опубликовано 14 Января 2020, 12:37

60 жаштагы Тыныбек Жороевдин үй-бүлөсү Токмок шаарындагы автоунаа токтотуучу жайдагы эски үйдө баш калкалап келишет. Тыныбектин айтымында, кырсыктан кийин эки көзү тең көрбөй калган. Экинчи турмушундагы жубайы жана уулу да майып.

«Кезинде эл катары турмушум болгон. Нарындын Ак-Талаасында колхоз-совхоздун унаасын айдап, чоңдорду ары-бери ташучумун. Өлкөбүз эгемендүүлүккө жетип, колхоз-совхоздор жоюлган учурда да кесибимди таштаган жокмун. Айдоочу болуп жүрүп кырсыкка учурадым. Ошондо алгач бир көзүм көрбөй калды. Убагында баса калып дарылоого шарт жок, жүрө берип, экинчи көзүм чала-була көрө баштаган. Ошентип 2010-жылы көзүмө операция жасатып, бирок жыйынтыгы ойдогудай болбой, эми минтип такыр эле сокур болуп калдым. Биринчи аялым бир уул, бир кызым менен кетип калган. Азыр алар менен кабарлашпайм. Экинчи жубайым менен чогуу жашап келе жатканыбызга он жыл болду. Ал 48 жашта. Мунун да мурунку турмушунан бир уулу бар. Ал дагы тубаса майып. Шал оорусу менен жабыркайт. Ал эми жубайым дагы тубаса майып. Сылтып басат. Оор жумушка жарамсыз. Уулубузду жубайымдын Прогресс айылында жашаган таята-таенесине бергенбиз. Жубайымдын каттоосу да ошол даректе», - деди ал.