Таластагы активисттер |Бишкекке баруу боюнча чакырыктарга каршы экендиктерин айтып чыгышты

turmush
Скачать
Просмотров: 2610
 
Опубликовано 13 Января 2020, 17:35

Бүгүн, 13-январь күнү Талас-АКИпрессте маалымат жыйын өттү. Маалымат жыйынга Талас облустук «6-7-апрель баатырлары» коомдук бирикмесинин төрагасы Кеңешбек Калматов, аталган коомдун Талас шаары боюнча координатору Сыргабек Молдобаев, Талас району боюнча өкүлү Жаныбек Бейшенов, «Айкөл Ала-Тоо» коомунун төрагасы Чолпонбай Рыскулбеков, бул уюмдун өкүлү Баратбай Мадалиев, «Бириккен элдик кыймыл» уюмунунун жетекчиси Рыскулбек Жанкорозов, «Талас эл ынтымак» кыймылынын өкүлү Каныбек Атпаевдер келишти.

Кеңешбек Калматовдун айтымында, учурда телефондон аларды Бишкекке чакырган каттары келип жатат.
«Бул жерге Талас облусундагы 10 уюмдун өкүлдөрү келдик. Бизге смс аркылуу «Талас жаштар саясий кыймылы» деп 14-январь күнү Бишкек шаарына жыйынга деген чакыруулар келип жатат. Биз бул көрүнүшкө каршыбыз. Бишкек шаарында жатып алышып Таластын тагдырын чечишеби? Ал жерде жер үлүштөрү жана Жерүй кенинин зыяндуулугу боюнча маселери тууралуу сөз болот деп жазылып жүрөт. Биз шартыбызга жараша Бишкек шаарына бара албайбыз. Ушундай кам көрүп, чын эле зыян же зыян эмес деген далилдери болсо, Таласка келип жыйын өткөрүшсүн. Биз колдоп, бардык жагынан жардам беребиз. Жыйын кылганга шарттарын да түзүп беребиз», - деди ал.