Бүгүн, 13-январда Баткен районунун Көк-Таш айылындагы Ш.Ганы атындагы орто мектебинде окуу өз нугунда башталды. Бул тууралуу мектептин директору Канатбек Боронов билдирди.
Анын айтыымында, мектепте жалпы 204 окуучу билим алат. Бүгүн алардын 80% окууга келди.
Буга чейин 10-январда түн рртосунда чек арадагы кыргыз-тажик чырына байланыштуу Көк-Таш айылындагы жаш балдар жана аялдар коопсуз жай деп мектепке көчүрүлгөн. Чек арадагы абал турукташып, кечээ, 12-январь күнү алар өз үйлөрүнө кайтышкан.