Айыл турмушу: А.Бузурманкуловдун сөңгөктү майдалап жем кылып кое турган аппаратына кызыккандар көп

turmush
Скачать
Просмотров: 306
 
Опубликовано 13 Января 2020, 14:26

Бакай-Ата районунун Кызыл-Сай айылынын 37 жаштагы тургуну Ахмед Бузурманкулов чарба жумуштарын жеңилдеткен жабдыктарды жасайт. Аймактык кабарчы аны таанышты.

Анын айтымында, сезон убагында 100 миң сомдон ашып каражат табат.

«Аскерден келип кесипке ээ болгон жокмун. Бирок күнүнм устачылык менен өтөт. Иштеп жүрүп көп тажрыйба топтодум. Айылдан ширетүү жана жыгач жумуштары менен алектенем. Көбүнчөсү шаарга барып жылытуу системаларын коём. Сезон убагында ушул ишим менен 100 миң сомдон ашып каражат табам. Бош күндөрдү дагы текке кетиргим келбейт. Андай учурларда бир нерсе ойлоп тапканды жактырам. Былтыр төө буурчактын сөңгөктөрүн майдалагыч жасагам. Күзүндө жыйнап алган төө буурчактын чөбүн кышы менен малга беребиз. Андан соң сөңгөктөрү жарым аштоо болуп калып калат. Аны кантип жегизсем деп ойлончумун. Ошого ылайыктап аппарат ойлонуп, былтыр жасадым. Кышы менен кашек чыгарбастан малды тоюттандырдык. Аппараттын тишин майда чыгаргычына койгондо кашек-сөңгөктөрүн ун сыяктуу кылып чыгарып берет. Аны бордогон мал болсо ага бир аз жем кылып кошуп коёбуз. Негизи майдалангандын өзүн деле мал жакшы жейт. Мотор табып, ага ар кандай темирлерди кураштырдым. Мындай кашектер жол боюна чыгып кетет эле. Таштандыга айланып кетпесин дедим. Экинчиден үнөм дагы болот. Аппаратка кызыккандар көп. Эми чоңун эле жасайын деп жатам. Себеби мындай чөп жылда болот эмеспи.

Андан башка тор токуган станокту ар нерседен курап чыккам. Аны велосипедде отуруп токуй турган кылып жасагам. Өзүмө тор токуп, тегерегимди курчадым. Элге токуй элекмин. Себеби алар токуганын арзан сурашты. Зым кымбат болгондуктан пайдасы аз болуп калат экен. Ширетүү иштери менен жүргөндүктөн дарбаза жана башкаларды дагы жасап калам. Ага керектелүүчү кооздуктарды өзүм ийип жасайм. Анын станогун дагы ойлонуштуруп колго жасап алгам», - деди ал.

Ахмед уста 4 баланын атасы.