Аламүдүн районунун 50 жаштагы тургуну Аалы Касымов

turmush
Скачать
Просмотров: 9012
 
Опубликовано 10 Января 2020, 14:27

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун 50 жаштагы тургуну Аалы Касымов жылына 70-80 карышкырдын терисин сатып алып, андан тон, ичик тигип, улуттук накр-насилди баалагандарга сатып, эмгектенип келет. Анын кардарларынын арасында президентке, өкмөт башчыга жана башка аттуу-баштууларга белек катары тартуулайбыз деген каалоочулар да кездешет. Алы мырза менен аймактык кабарчы таанышты.

Акыркы он жылдан бери карышкыр тон, ичик алгандардын саны көбөйдү
- Союз тарагандан баштап эле карышкырдын терисинен жасалган ичик, тон деген маанисин жоготуп, эл албай калган. Анткени ал кезде карышкырдын терисинен ичик эмес, жөнөкөй кийим кийиш кыйын болуп калган. Жакынкы он жылдан бери элдер жакшы заманга жетип, алды байып калгандан кийин карышкырдын терисинен жасалган ичик, тондорду баалап ала башташты. Азыр 70-80 жылдык мааркелерге алып, той ээсине кийгизип жатышат. Президент, өкмөт башчынын ордун куттуктаганда же партиянын лидерлерине кийгизебиз деп сатып алып кетишет. Негизи карышкыр тонду илгери аттуу-баштуу кишилер кийген. Карышкырдын касиети бар. Кайраттуу, көрөгөч, зээндүү, дайыма алдыда жүргөн жаныбар деп айтышкан. Нарында азыр деле карышкыр ичик кийип жүргөн аталар бар. Өзүӊөр билгендей, башка аймактарга салыштырмалуу Нарын суук жер. Карышкыр ичик, суусар тебетей кийип бараткан абышка алыстан таанылат. Анын сөлөкөтүнө сөлөкөт, дөөлөтүнө дөөлөт кошуп, кандайдыр бир сүрдүү, көрктүү кылып көрсөтөт.