Баткен шаарынын тургуну Бейшебаев Жамалидин аксакал Улуу Ата Мекендик согушка кетип, дайынсыз жоголгон бир тууган таякеси Абдилла Зиябидиновду издеп келет. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.
Аксакалдын өзүнүн айтымында, таякеси 1919-жылы туулган Баткен районунун Дара айылында төрөлгөн. Согушка чейин Өзбекстандагы Каганович деген районундагы орто мектепте мугалим болуп иштеген. Ошол жактан Улуу Ата Мекендик согушка кеткен.
Галерея: Баткендик Жамалидин аксакал согушка кетип дайынсыз болгон таякеси Абдилла Зиябидиновду издөөгө жардам сурайт
«Кийин андан Польшадабыз деген кат келген. Кийин кат келбей, согуштан кийин да эч кандай дайыны болбой калды», - деди ал.
Таякеси согушка Өзбекстандан кеткендиктен Фергана облусуна бир канча жолу кат менен кайрылган. Ал жактан «дайынсыз жоголду» деген кат келген.
«Кийин дайынсыз жоголгон тагам үчүн 6 сомдон пенсия бере турган болушту. Апам кийин тагамдын дайынсыз жоголгонунан кийин аны издеп жүрүп, сыздап каза болду. Мен апамдын өтүнүчүн аткаруу үчүн 1985-1986-жылдары таякемди издеп Москва шаарына бардым. Ал жактан мага 7 архивдин дарегин беришти. Анан «таякеңиз кайсы аскер бөлүктөн согушка кетсе ошол жактан аскерге чакыруу тизмеси боюнча кагаз алып келесиң» дешти. Мен Ферганага барсам мени Өзбекстан кабыл албай койду. Мына ошентип бүгүнкү күнгө чейин таякемдин дайынын таппай келем. Мүмкүн ал каза болсо да чет жакта анын үй-бүлөсү бардыр деген үмүттөмүн. Анын менде жалгыз сүрөтү калды. «Жди меня» көрсөтүүсүнө да бердим. Эгерде анын балдары, неберелери көрүп жаткан болсо алар менени таанышып, катташып, Баткенге алып келсем деген ниетим бар. Мен бийлик өкүлдөрүнөн жана элден ушул таякем тууралуу маалымат билгенге жардам сурайм», - деди Жамалидин ата.
Баткен облустук аксакалдар сотунда да согушка курман болгондор жөнүндөгү «Эскерүү» деген китептен таякенин чоо-жайын табылган жок.