Баткен районунун Бужум айылынын тургуну Махбурат Абдиламитова аймактагы чакан цехте иштейт.
Өзүнүн айтымында, элеттеги аялдар менен биргеликте буйрутма алып килем согот. Учурда даярдалып жаткан килем араби килем деп аталып, эч кандай боёк аралашпай, табигый жүндөн жасалгандыгы менен айырмаланат.
«Элеттеги аялдарга жумуш орун түзүп берген чакан цех коомдук фонддордун биринин колдоосу менен ачылган. Максаты — жакырчылыкты жоюу менен биргеликте унутулуп бара жаткан чеберчиликти даңазалоо. Кол өнөрчүлүктү өнүктүрүп ошол эле учурда жаштарга үйрөтүүнү көздөйбүз», - деди ал.
Чеберлер 8 айда 5-6 килем даярдаган. Учурда чет өлкөлүк кардарлардан алгачкы буйрутма түшүп, чеберлер килемди бүтүрүү алдында турат.