25-ноябрда Тажикстанда унаа кырсыкка кабылып, ооруканага жаткан Лейлек районунун Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Кыдыр Айбалаев 5-декабрда үйүнө кайтып келди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.
Депутаттын өзүнүн айтымында, анын унаасы менен кагышкан тажикстандык унаанын айдоочу мас абалда болгон.
«Мен Худжанд шаарындагы ооруканада дарыланып чыктым. Тажик жараны да ошол жерде дарыланды. Жол кырсыгы Тажикстанда болгондуктан алардын укук коргоо органдары тергөө иштерин жүргүздү. Тажик жараны экөөбүз өз ара келишип алдык», - деди ал.
Кыдыр Айбалаев бүгүн, 16-декабрда жергиликтүү депутаттар менен кошо жыйын өткөрдү. Анда социалдык-экономикалык маселелер каралды.
Окуя тууралуу:
Буга чейин 25-ноябрда Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Арка айылынын тургуну, жергиликтүү кеңештин спикери К.А. Тажикстанда жол кырсыгына учурагандыгын кабарланган.
Маалым болгондой, кырсык Худжанд—Исфара жолунда болгон. К.А. келе жаткан «Лексус LX570» үлгүсүндөгү унаа жолдун каршы тилкесинде тажикстандык жаран келе жаткан «Опель» үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. 2 жабырлануучу тең Худжанддагы шаардык ооруканада дарыланып жаткан болчу.