Россияда каза болгон баткендик журналист М.Добутов бүгүн жерге берилет

turmush
Скачать
Просмотров: 9272
 
Опубликовано 11 Декабря 2019, 11:05

7-декабрда Россиянын Смоленск облусундагы унаа кырсыктан каза болгон баткендик журналист Мырза Добутов бүгүн, 11-декабрда жерге берилет. Бул тууралуу аймактык кабарчыга анын жакындары билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн Баткен облустук телеканалынын эмгек жамааты Мырза Добутовту эскеришти. Ал 1970-жылы Баткен районунун Булак-Башы айылында туулган. 1996-жылы Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин журналистика факультетин аяктаган. 1980-1990-жылдары советтик армиянын катарында кызмат өтөп келгенден кийин алгачкы эмгек жолун 1990-жылы Кыргыз мамлекеттик телерадиокомпаниясында режиссердун ассистенти, телеоператор болуудан баштаган. 2006-2007-жылдары Баткен облустук телеканалынын директору болуп иштеген. Аймактык телеканалдын техникалык жана мазмундук сапатын көтөрүүгө кошкон салымы чоң.
Галерея: Россияда каза болгон баткендик журналис М.Добутов бүгүн жерге берилет

Акыркы жылдары журналистиканын жаңы багыты болгон интернет тармагында белгилүү блогер катары таанылган. Интернетте миңдеген мекендештердин башын бириктирген блогердик ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген. Өзүнүн баракчасында улуттар ынтымагы, кыргыз элинин биримдиги, чек арадагы көйгөйлөр, коомдогу адеп-ахлак маселеси туурасында кеңири баяндамаларды жасап келген. Анын демилгеси менен Баткен шаарына 10 млн сомдук спорт комплекси курулган. Баткен районунун Бужум айылында чоң көчөнүн жолу оңдолуп, түнкү чырактар коюлган. Маркумдун артында келинчеги, 1 кыз, 3 уулу калды. Ал бүгүн саат 15:00до Баткен шаарынын Булак-Башы кварталында акыркы сапарга узатылат.

Мырза Добутовдун атасы Коңурбай Добутов да мекен үчүн күйүп иштеген инсан болгон. Ал көп жылдар бою «Москва» коллективдүү чарбасынын экономикалык абалын оңдоого салымын кошкон. Учурда аксакал иштеп кеткен Бужум айыл аймагынын бир көчөсүнө Коңурбай Добутовдун ысымы ыйгарылган.