Таластагы Тай-Жорго капчыгайына кыргоолдор кое берилди

turmush
Скачать
Просмотров: 1597
 
Опубликовано 9 Декабря 2019, 14:37

Кечээ, 8-декабрда Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүнүн Тай-Жорго капчыгайына кыргоолдор кое берилди. Бул тууралуу Талас облусундагы мергенчилик жана балык уулоо коомунун жетекчиси Владимир Мазер билдирди.
Анын айтымында,
«2018-жылы Кыргызстандын биология институту менен келишим түзгөнбүз .Алар келип кыргоолдорду текшеришип, салмактарын ченешкен. Алар Чүйдөгү кыргоолдорго караганда биздикилердин салмактары жана саны аз болуп чыккандыгы айтышкан. Кечээ күнү кыргоолдорго мергенчиликке чыгууга тыюу салуу башталган. Биз ошондуктан 5 эркек, 5 ургаачы кыргоолду алып келип келип кое бердик», - деди ал.