"Биз ВИЧ/СПИДге каршыбыз!" Ак-Талаада акцияга активдүү катышкандарга акчалай сыйлыктар ыйгарылды

turmush
Скачать
Просмотров: 528
 
Опубликовано 8 Декабря 2019, 02:00

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда Бүткүл дүйнөлүк ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата бир катар иш чаралар уюштурулгандыгын аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, 5-декабрь күнү райондук маданият үйүнүн концерттик залында ВИЧ\СПИДге каршы иш чара белгиленип, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, аймактык оорукананын кызматкерлери, мектеп окуучулары катышты. Анда, райондук Нуркул Кулназаров атындагы маалыматтык китепкананын кызматкерлери тарабынан уюштурулган ВИЧ/СПИДдин алдын алуу, аны жуктурбоонун жолдору туурасында сүрөт жана китеп көргөзмө уюштурулду. Ал эми маданият үйүнүн өнөрпоздору тарабынан ден соолук туурасында обондуу ырлар аткарылды.
6-декабрь күнү Баетов айылында ар бир айдын жума күндөрү боло турчу базарда "Коом көңүлдүн борборунда!" аттуу СПИД оорусунун алдын алуу боюнча агартуу агартуу иштери өткөрүлгөндүгүн аймактык оорукананын лаборант дарыгери Махсальмина Карыбекова билдирди.
Анын айтымында базар ичинде аймактык оорукана, үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору жана ден соолук кабинети тарабынан ВИЧ/СПИД коркунучтуу илдет экендиги көпчүлүккө түшүндүрүлдү. Акциянын жүрүшүндө ВИЧ/СПИДге каршы үндөө баракчалары таратылып, көрнөк-жарнактар илинип жана окуучулар тарабынан флешмоб өткөрүлдү. Ошондой эле каалоочулар кан тапышырып, өздөрүн текшерте алышты.
Андан сырткары, акцияга жигердүү катышкандардын 1-2-3-орун алгандар аныкталып, аларга акчалай сыййлыктар ыйгарылды. Андан соң "Ден соолук кербени" аталыштагы агид поезд жүргүзүлдү.