Баткен шаарында көмүр 6,5 сомдон сатылууда

turmush
Скачать
Просмотров: 306
 
Опубликовано 5 Декабря 2019, 19:38

Баткен шаардык мэриясы тарабынан көмүрдүн 1 кг 6 сом 50 тыйынга чейин сатылууда. Бул тууралуу шаар мэри Мамыржан Рахимов билдирди.
Анын айтымында, элге БК үлгүсүндөгү көмүрлөр сатылып жатат. Элди көмүр менен камсыздоо 4-ноябрдан башталган. Аракеттер кыш чыкканка чейин уланат. Учурда кыш мезгилинде белгиленген наркты бир баада сактап калуу үчүн дагы сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
«Былтыр 2400 тоннага чейин көмүр сатканбыз. Быйыл дагы андан көбүрөөк алып келип сатабыз. Көмүрлөр жылда эле Сүлүктү шаарынан алып келебиз. График менен ар бир шахтадан алып келип турабыз», - деди ал.