Таластагы ири бизнесмендин объектиси бузулду: Тирешүүлөрдүн чоо-жайы (ишкерлер)

turmush
Скачать
Просмотров: 1140
 
Опубликовано 5 Декабря 2019, 18:54

Бүгүн, 5-декабрда Талас шаарынын А.Оторбаев көчөсүндө мыйзамсыз курулган делген көмүр сатуучу жайды бузуу иштери жүргүзүлдү.

Талас шаарынын мэри Айдар Жузупбековдун айтымында, бул жерди алдыруу үчүн ишкердин кошуналары да арызданып келишкен.

«Бизге сот аткаруучулар тарабынан арыз келген. Анда А.Оторбаев көчөсүндө жайгашкан жер тилкесинде мыйзамсыз курулуш жүрүп, көмүр жана курулуш материалдары мыйзамсыз сатылып жаткан. Былтыркы жылдан бери кошуналары да арыз менен кайрылышкан. Бүгүнкү күндө соттун чечими менен мыйзамсыз курулуш сот аткаруучулардын, биздин катышуубузда Талас шаардык коммуналдык чарба ишканасынын кызматкерлери тарабынан бузулуп жатат», - деди ал.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын Талас регионалдык бөлүмүнүн экология боюнча башкы инспектору Мукталы Өмүркановдун айтымында, көмүр сатылган бастырма архитектуралык документи жок салынгандыгы такталган. Андыктан курулушту буздуруу боюнча соттун өкүмү чыккан.

«Талас шаарынын А.Оторбаев көчөсүнүн №174 үйүнүн ээси боюнча арыздын негизинде текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Текшерүүдө аталган үйдө курулган көмүр саткан бастырма архитектуралык документи жок болуп чыккан. Иш соттук кароого өткөрүлгөн. 2018-жылдын 12-октябрында соттун чечими чыккан. Анда мыйзамсыз курулганы аныкталган. Укук бузуучуга 10 миң сом айып салынып, объектини баштапкы абалына келтирүү боюнча чечими чыккан. Бүгүн баарыбыздын катышуубузда объект бузулду», - деди ал.

Бул иш боюнча сот аткаруучулар маалымат берүүдөн баш тартышты.

Бастырманын ээси, ишкер Муктарбек Чойбеков Талас-АКИпресске маалымат жыйын берип, окуянын чоо-жайын айтып берди.

«Мындан бир нече ай мурун Талас шаарынын мэри Айдарбек Жузупбеков менен окуя болуп, менин үстүмдөн «унаамдын айнегин талкалады» деп Талас ШИИБге арыз жазган. Ал иш бүгүнкү күндө сотто каралууда. Ошондо ушул эле мыйзамсыз курулуш деген маселелер башталган кез эле. Мэр саат 19:30 чамасында келип, менден 20 миң сом берүүмдү талап кылган. Мен бербейм деп анан экөөбүз айтыша кетип мени түрттү. Мен колума «шебенканы» учтап урсам, унаасынын айнегине тийип, сынып кетти. Кол көтөрсөм бетине тийип кетти. Ал менин үстүмдөн каматам деп арыз жазды. Мен дагы барып, «менден пара талап кылып келди» деп арызымды жазгам. Анан «Кой, ынтымака келели. Арызыңды ал, мен дагы алам» деп айтты. Барып арызымды алдырды. Кайра өзү жазган арызын албай мага өчү бардай мамиле жасап келе жатат.

Мен ажыга барам деп даярданып калган чакта үстүмдөн арыз түшүп бара албай калдым. Бүгүнкү күндө иш соттун кароосунда турат, Чым-Коргонго жиберип жатат. Менин ишкерлигиме да бүт тосуп, каматам деп баарын кылып жатат», - деди ал.

Мэр Айдар Жузупбеков ишкердин «20 миң сом талап кылды» деген айыптоосу жалган экендигин билдирди.

«Ал бул маадыматты айтып УКМК арыз жазган. Иш ал жакта тергелген. Ал арыз жазган соң мен дагы «жөн жерден айыптап жатат» деп арыз жазгам. Ал иш менен сотко чейин барганбыз. Бүгүнкү күндө соттон бул адам психикалык жактан жабыркайт деп чечим чыгарып жатат», - деди ал.

Ишкердин бир тууган иниси Мелис Чойбековдун айтымында, мэр ишкерлерге бут тосуу кылып жатат.

«Биз Талас шаарында 17 жылдан бери ишкерлик менен алектенип келебиз. Мен бул ишке кийлигишип жатканымдын себеби — мен өзүм ишкермин. Бийлик тараптан да бир топ бут тосуулар болуп жатат. Акемдин башынан көп окуялар өтүп жатат. Мен аны башкаларга каалабайм. Агам Талас облусунун 80% көмүр менен камсыз кылабыз. Жергиликтүү бюджетке 2018-жылы 267171 сом, 2019-жылы 1 ай ичинде 464765 миң сом салык төлөнгөн. Бүгүнкү күндө 50гө жакын жигитти иш менен камсыздап келет.

Бир тууганым көп кырсыктарга кабылды. Анын натыйжасында психологиялык жактан жабыркап калды. Кечээ жакында эле ашуудан унаа менен авария болгон. Эшиктин астында 300 тоннадан ашык көмүрдү дагы конфискациялап алып кетишти. Бул эмне ишкерлерди тебелөөбү? Мени дагы көп элдин алдында «мафиоз, контрабандистсиң» деп туура эмес сөздөр менен айтты. Ал сөздөрүнө далил жок.

Агам менен болгон чатагындагы ошол унаанын айнегин төлөп берүүгө азыр да даярмын. «Сизге туура эмес мамиле кылып койду. Кең пейилдүүлүкө келиңиз» деп суранып да бардым.

Бул жерде ар бир ишкердин шаар үчүн салымы бар деп ойлойм. Бул ишкердин бастырмасы бузулат дегенди угуп калып, сот аткаруучуларга арыз таштаганбыз. Ал жерде бастырма эч кимге тоскоол болбойт же коркунучтуу дагы эмес. Ал өзүнүн жеке менчик жеринде турат. «Бизге убакыт бергиле, агамды ооруканага алып барып келели» деп кайрылганбыз. «14 күн ичинде жооп келет» деп, эч бир кагазга карабай бузуп башташууда. Бүгүн мэр өзү келип, сот аткаруучуларды мажбурлоо түрүндө буздуруп жатат», - деди ал.