Баткен шаарында 375 орундуу мектептин курулушу башталды

turmush
Скачать
Просмотров: 239
 
Опубликовано 5 Декабря 2019, 18:10

Бүгүн, 5-декабрда Баткен шаарынын Кызыл-Дөң кварталында 375 орундуу мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу облустук жетекчиликтен билдиришти.
Маалыматка караганда, мектеп үчүн шаар бийлиги 1,5 гектар аянт бөлүп берди. Аталган кварталда 500гө жакын кожолук жашайт. Андагы окуучулар 1,5-2 км аралыкты басып шаар борборундагы мектептерде билим алып келишет.

Баткен шаарынын мэри Мамыржан Рахимовдун айтымында, мектеп арабдардын каржылоосу менен салынып жатат. Бул мектептин курулушу менен шаардагы мектепке болгон муктаждыктын 30% чечилет. Алдыда дагы Базар-Башы кварталына да ушундай мектеп куруу пландалууда.

Курулуш иштерин жүргүзүп жаткан ишкананын өкүлү Абдисапар Сабировдун айтымында, имаратты 2020-жылга бүтүрүү пландалууда. Бүгүнкү күндө жалпы 21 жумушчу иштеп жатат. Алардын орточо айлык маянасы 20 миң сомдун тегерегинде.
Ал эми Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдилла Акматовдун айтымында, учурда шаарда 6200 окуучу бар. Алдыда Кызыл-Жол, Чет-Булак жана Базар-Башы кварталындарына мектеп салуу пландалып жатат.
Облус аймагында быйылкы жаңы окуу жылында республикалык бюджеттин эсебинен салынган 3 мектеп, арабдардын жардамы менен курулган дагы 1 мектеп ачылды. Келерки жаңы окуу жылына бир нече мектеп пайдаланууга берилет.