Бакай-Атадагы дыйкандын азабы: Жол четиндеги дарактар, чиновниктердин жообу

-
Категория
Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылынын тургуну Касымбек Байтереков жол четиндеги 2 гектар үлүш жеринде куураган талдарды кыюуга уруксат ала албай убара тартып жатат.
Өзүнүн айтымында, үлүш жери райондун Кызыл-Сай айылындагы жолдун четинде жайгашкан.
«Үй-бүлөм менен 2 гектар жер үлүшкө ээ болуп, 24 жылдан бери иштетип келебиз. 3 катар отургузулган кара талдардын тамыры жердин күчүн соруп, 40-50 сотых жерден такыр түшүм ала албайбыз. Жыл сайын 2 гектар жерди иштетүүгө чыгым болуп, бирок 1,5 гектарга дан эгип, түшүм алып келе жатканыма карабай жер салыктарын баарын өз убагында төгүп келем. Бул кара талдар куурап, бири салаңдап же буталбайт. Ушул көйгөйдү чечүү үчүн тиешелүү органдарга 1 жылдан бери кайрылып келем. Бирок тийиштүү жооп ала албай жатам. Ушул жылдын 30- октябрында бийлик өкүлдөрү, ошондой эле Жаратылышты коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин райондук бөлүмүнүн башчысы Болот Кадырбеков айтылып жаткан жерге келип, маселенин чоо-жайы менен таанышкан. Алар 200 метр аралыкта өскөн кара талдарды кесип, жолдун жээгине бир катар павловния дарагын тигүүгө макулдугун беришкен. Айыл өкмөт башчысы павловниянын көчөтүн алып берүүгө макул болсо, мен ошол айлананы карап, кам көрүп, суугарып, өстүрүүгө макул болгом. Бийлик өкүлдөрү бул маселени толугу менен колдошкон. Биз тиешелүү документтердин баарын алып барып бергенбиз. Бирок 1 жума өткөндөн кийин иш ордунан кезиктире албай бир нече күн убара болдум. Маселенин чечиле турган жерине жеткенде «макулдук бере албайм» деген жооп жазып жибериптир», - деди ал.
Ал эми Жаратылышты коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин башчысы Болот Кадырбековдун айтымында, кара талдар топуракты эрозияга учуратпай кармап турат.
«Бул дыйкан «иш ордунан кезиктире албай убара болдум» деп айткан экен. Ооба туура, ал убакта мен иш сапарым менен Талас районунда жүргөм. Бирок 1 күн мурун мага билдирип койсо мен иш бөлмөмдө олтурмакмын. Келет деп эле башка жумуштарды калтырып койгон болбойт.
Ал эми макулдук бере албайм деп жооп жазып жибергенимдин себеби бар. Себеби Бакай-Ата—Кызыл-Сай унаа жолунун эки жээгинде өсүп турган кара жыгачтар айдоо талааларын шамалдан тосуп, нымдуулукту топуракты эрозияга учуратпоо кызматынан тышкары, кышында унаа жолду кардан тосуп, жол коопсуздугун камсыз кылат. Ошондой эле жаратылышка, дыйкандардын жүргүзүп жаткан иштерине көп пайдалуу функцияларды аткарат», - деди ал.
Райондун акими Чолпон Төрөкуловдун айтымында, бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
«Негизи жол жээктеги кара талдарга орточо эсеп менен 45-50 жыл болуп калды. Көпчүлүгү жараксыз. Дыйкандар туура эле кайрылып жатышат. Бирок экология тарап мыйзам чегинде жооп берип жатышат. Дыйкан үлүш жерине талдардын ордуна кара өрүк көчөтүн олтургузган. Биз учурда айыл өкмөт жана дыйкандар менен сүйлөшүп жатабыз», - деди аким.
Айыл өкмөт башчысы Исламбек Сариевдин айтымында, павловния дарагы кара талдарга караганда пайдалуураак.
«Бул жерлер Ак-Дөбө айылына тиешелүү жер. Дыйкандар 1 жылдан бери бул маселенин үстүндө келе жатышат. Бирок «макулдук бере албайбыз» деген жооп келген. Эгер 200 метр жерге павловния олтургузулса кара жыгачка караганда 10 эсе жакшы функция аткарат», - деди ал.