Быйыл Баткен шаарында 63 өрт кырсыгы катталып, 5 млн сомго жакын зыян келтирилди

turmush
Скачать
Просмотров: 200
 
Опубликовано 2 Декабря 2019, 13:51

Быйылкы жылдын 11 айында Баткен шаарында 63 өрт кырсыгы катталып, 5 млн сомго жакын зыян келтирилди. Бул тууралуу Баткен шаары жана району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн башчысы Дастан Сайданов билдирди.

Анын айтымында, бул көрүнүш былтыркы жылга салыштырмалуу 23 учурга көп. 24-ноябрь күнү электр чубалгысын жана мештердин туура эмес орнотуунун кесепетинен 2 кырсык катталып, 500 миң сомго жакын зыян келтирилген.

Бүгүн, 2-декабрда Баткен шаарындагы үйлөрдүн жана борбордук базардын өрт коопсуздугун сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.