«Кыргыз болуп өлөбүз»: Памирлик кыргыздар башка улуттан кыз алып, кыз беришпейт

turmush
Скачать
Просмотров: 2267
 
Опубликовано 2 Декабря 2019, 12:54

Бүгүнкү күндө Нарын облусунда Памир жергесинен келген 50 этникалык кыргыз бар. Алардын ичинен 1 үй-бүлөдөгү 6 адам Ат-Башы районунда, калган 11 үй-бүлөдөгү 44 адам Нарын шаарында жашайт. 21 балага мамлекеттик жөлөк пул, 1 адамга карылыгы боюнча пенсия чектелип берилген. Ал эми 2 жаран майыптуулугу боюнча социалдык жөлөк пул алышат. Памирлик кыргыздар облуста болгон бардык социалдык, маданий иш-чараларга сыйлуу мейман катары чакырылып, активдүү катышып турушат.

Ал эми Ооганстандын Памир жергесинде жашап жаткан кыргыздар туулган жерин, мекенин унутпай турганын айтышат. «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын журналисти Гүлүмкан Урустамова жана оператору Руслан Эгембердиев Памир жергесине барып келди. Журналисттин айтымында, 3 жылдан бери Памирге барып, алардын жашоосу, көйгөйлөрү менен таанышып келишет.

Кичи Памирдин тургуну Абдылгакы Абубакир уулу: «Бизди Кыргызстан тапса. "Эл, тууган-урук силерди башка жол менен тааный албайт. Силерди эне тилиңер менен гана тааныйт. Ата-бабаларыбыз эне тилиңерди жоготпогула, элиңерди, жериңерди таап алгыла" деп насыят калтырып кеткен. Биз ошол насыяттарды колдонуп, бекем турдук. Биз аз элбиз, бул жерде 50-100 үйдө жашайбыз», - деди.