Баткенде тез тамактануучу жайлардын өрттөн сактануу мүмкүнчүлүктөрү текшерилди

turmush
Скачать
Просмотров: 140
 
Опубликовано 2 Декабря 2019, 12:15

Бүгүн, 2-декабрда Баткен шаарында тез татым тамактануучу жайлардын өрттөн сактануу мүмкүнчүлүктөрү текшерилди. Бул тууралуу Баткен шаары жана Баткен районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары Адилбек Гыязов билдирди.
Анын айтымында, шаардагы 10го жакын тамактануучу жайларда газ менен иштөөдөгү талаптардын сакталышы каралды. Жыйынтыгында бардык жайларда коопсуздук эрежелери сакталбай жаткандыгы такталды. Жумушчуларга кырсыктарды алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.