Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында "INTELLECT IK" окутуу борбору ачылып, 4 адам жумуш орду менен камсыз болду. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, 1-декабрь күнү жаш өспүрүмдөргө менталдык арифметика, орус тили, англис тили жана компьютерди өздөштүрүү боюнча "INTELLECT IK" окутуу борбору райондук кинодирекциянын имаратынын ичинде ачылды. Ачылыш аземине, аталган борбордун негиздөөчүсү Жакшылык Матанов, район акими Сейтек Кулубаев, акимдин орун басары Кенжегүл Карагулова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев, "Ак-Талаа биримдиги" коомдук уюмунун төрагасы Самат Асаналиев, жаш активист Кубанычбек Баялиев, "калькулятор бала" аттыккан Арсен Рахымбеков, мугалимдер, окуучулар жана жергиликтүү тургундар катышты.
Аземдин жүрүшүндө, активист К.Баялиев борбордун максаты, ишмердүүлүгү туурасында кеңири баяндама жасап берсе, ал эми негиздөөчүсү Ж.Матанов менталдык арифметиканын артыкчылыктары, тез эсептөө, эс тутумду жакшыртуу, спорт стекинг, тез окуу жана "INTELLECT IK" окутуу борборунун максаты, методикасы боюнча түшүндүрмө берди.
Аземдин жүрүшүндө тез эсептөө, тез ой жүгүртүү жана спорт стекинг боюнча катышуучуларга оюн-зооктор көрсөтүлүп, анда район акими С.Кулубаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы К.Эсеналиев спорт стекинггде жарышка түшүшсө, тез эсептөнү "калькулятор бала" аттыккан Арсен Рахымбеков аткарып берди.
Ал эми борборго компьютер боюнча Ильич Жакшылык уулу, орус тили боюнча Асел Мадиева, англис тили боюнча Мөөркан Жумакадырова жана менталдык арифметика боюнча Бурулсун Сейитказиева балдарга билим бермекчи. Ал эми борборду Ильич Жакшылык уулу жетектейт. "INTELLECT IK" окутуу борборуна окууну каалагандар айына 1 миң сомдон каражат төлөө менен 2 ай окушат.
Өз сөзүндө район акими С.Кулубаев борбордун жылуулугу үчүн өз каражатынын эсебинен 2 тонна көмүр түшүрүп берүүнү убада кылды.