Жаш үй-бүлөнүн урушу кызынын тагдырына балта чаптыбы?

turmush
Скачать
Просмотров: 11271
 
Опубликовано 21 Ноября 2019, 09:59

Кочкор районуна караштуу Туз айылынын 70 жаштагы тургуну Насыйкат Карыпбекова 20 жаштагы  Азиза аттуу небересин багып келе жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга  айыл тургуну Айнура Соодонбекова билдирген.
 
«Азиза 20 жашта. Туз айылында  жашайт. 7 жылдан бери төшөктө жатат экен. Мага бул кыз тууралуу бир таанышым айтты. Сүрөтүн көргөндө эле бир сыйра ыйладым. Жүрөгүм ооруп, эмнеси болсо дагы көргүм келди. Өзүнүн апасы 2 баласын таштай салып баса бериптир. 70 жашка чыгып калган чоң апасы буларды багып чоңойтуптур. Мындан кийинки иниси студент экен. Үйүнө барганда эле үйүндөгү жылуулук, үйүнүн тазалыгы дароо көрүнүп турду. Оорулу кызды бакса да, кабагы бир бүркөлбөгөн апа бизди тосуп алды. Мен бир курбум менен тамак-аш, тамак эзип бергенге блендер алып барганбыз. Тагдырдын оор сыноосуна кабылып, 7 жылдан бери төшөктө жаткан кызды багып жаткан апаны көрүп, бир чети таң калып, бир чети ыраазы болуп турдум. Көзүндөгү аруулук, мээримдүүлүк, небересине болгон сүйүүсү чексиз экени көрүнүп турду.   Өзү карып жашы өтүп турса да, оорулу небересин таптаза кармап, көңүл бөлүп   багып келет экен. Тилекке каршы бул кыздын айыгып кетишине эч кандай кепилдик жок экен. Бул апанын жашоосун көрүп, андан үлгү алышыбыз керек. Апа мээримдүүлүктүн символу экен. Бир тонна көмүр алып алгыла деп акча берип,  үйүбүзгө кайттык», - деди Айнура Соодонбекова.