Баткендиктерге юридикалык акысыз кеңеш берүү боюнча акция уюштурулуп жатат

turmush
Скачать
Просмотров: 117
 
Опубликовано 19 Ноября 2019, 16:04

Бүгүн, 19-ноябрда Баткен шаарында калктын укуктук маалыматын жогорулатуу аракетинде акция уюштурулуп, жарандарга акысыз юридикалык маалымат берилди. Бул тууралуу Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун Баткен облусу боюнча координатору Канибек Бостонбаев билдирди.

Анын айтымында, иш-чара үчүн атайын адистер чакырылган. Акция облустун бардык аймактарында өтөт. Акциянын алгачкы сааттарында эле 200дөн ашуун жаран ар кандай суроо менен кайрылышты. Тургундар көбүнчө жөлөк пул, алимент алуу, жер жана үйлөрдүн документ иштери боюнча суроолорду берип жатат. Бул иш-чара 22-ноябрга чейин улантылат.