Жаракат алган жубайлар, талкаланган унаа: Баткенде тойдо болгон кырсыктын чоо-жайы №1

turmush
Скачать
Просмотров: 6451
 
Опубликовано 18 Ноября 2019, 19:01

3-ноябрь Баткен шаарында үлпөт тоюн өткөрүп жатышкан жаш жубайлар бара жаткан «Мерседес-Бенц» менен бензин ташыган чоң унаа кагышып, той токтотулган. Аймактык кабарчы аталган окуянын чоо-жайын такташтырды.

Тою токтотулган Курбанбек Абдрахманов унаада келе жаткан жубайы, достору менен чогуу ооруканага жеткирилгендигин айтты.

«Ошол күнү мен үйлөнүп жаткам. Кара-Булак айылынан келинчегимди алып келе жатканбыз. Унаанын ичинде мен, менин досум, келинчегим, анын курбусу жана айдоочу болуп, жалпы 5 киши болгонбуз. Унаанын арт жагында мен, келинчегим жана анын курбусу үчөөбүз, айдоочунун жанында досум отуруп келе жаткан. Баткен шаарына кире бергенде жол кырсыгына кабылдык. Досторум бизди ооруканага алып келишти. Төртөөбүз тең ооруканага жаткырылдык», - деди ал.

Ал эми келинчеги Кыздаргүл Ахмат кызы кырсыктан кийин бели ооруп, башкалардын жардамы менен туруп жаткандыгын айтты.

«Биз 5 айдан бери сүйлөшүп жүргөнбүз. Ата-энелебириз 3-ноябрга тойду белгилеп, ошол күнү тойду өткөрүп жатканбыз. Мени үйдөн алып келе жатышкан. Бир маалда эле оор жук ташуучу унаа менен катуу кагышып кетти. Мен көзүмдү ачсам 2 унаа эки жакта токтоп турат. Бизди анан ооруканга алып келишти. Белимди көтөрө албайм. Бирөөлөрдүн жардамы менен араң турам. Жакшы болуп калсак кайрадан той кыл деп айтайын деп турам», - деди ал.

Капысынан катталган кырсык 2 үй-бүлөнү тең кайгыга салды. Бирок ата-энелер балдарынын аман калганына шүгүр кылып жатышат.

«Мен эң кенже баламды үйлөнтөйүн деп Кара-Булак айылынан келин алып жаткам. Үйдө элге той берип жаткам. Түшкө чейин баламдын досторуна чай берип, ак батамды берип, келинди алып келүүгө чыгып кетишкен. Үйдө тууган-урук, эл менен тойлоп отурганбыз. Келинди алып келе жаткандар балдар келе жаткан унаа чоң унаанын астына кирип кетиптир. Кандай болгонун билбейм. Саат 16:00 чамасында тойго тууган-уруктарыбыз келип кетип турган. Балдарым акырын-акырын жоголо баштады. Атам билсе кыжалат болот, той токтоп калбасын деп менден жашырышыптыр. Анан мен алардын жүрүм-турумунан сезип, баламды чакырып эмне болгонун сурадым. Алар балдардын жол кырсыгына кабылып, ооруканга түшкөнүн айтышты. Аны угуп нес болуп калдым. Эч кимге айта албадым. Балдарымды «тез ооруканага жеткиле» деп жөнөттүм. Алардын артынан өзүм да ооруканага келдим. Анан кийин үйгө барып, кемпириме айттым. Ошол күнү той токтоду. Биз той өтчү ресторандын, ырчылардын жана башкалардын акчасын төлөп сүйлөшүп койгон болчубуз. Эми балдар аман-эсен калыптыр, ушунусуна шүгүр. Эң негизгиси алар жакшы болуп кетсе болду. Экөөнүн никеси окулуп, бирок нике күбөлүгүн салтанаттуу түрдө алышмак. Тилеке каршы той токтоп, балдар ооруканага түшүп калышты», - деди Курбанбектин атасы Жолчубай Таштанов.

Кыздаргүлдүн бир тууган эжеси Гүлүмкан Чубаева сиңдисин ооруканада өзү карагандыгын белгиледи.

«Көптөн бери эң кенжебиз Кыздаргүлдүн тоюн күтүп жүргөнбүз. Өзүм Россияда иштеп жүгөм. Билет алып тойго учуп келгем. Кырсык каш-кабактын ортосунда экен. Тою күнү кырсыка кабылып калышты. Биз күйөө балдарды узатып, кадимкидей той кылып, кечки ресторанга даярданып жатканбыз. Бир убакта эле туугандардын бирөөсү телефон чалып, Кыздаргүл отурган унааа жол кырсыгына кабылыптыр деп айтты. Биз күйөө балага, сиңдиме чалып байланыша албадык. Жарым сааттан соң күйөө балам тараптан байланышып, «Жол кырсыгы болуптур, келин жакшы. Ооруканга алып келишти» деп айтышты. Биз ата-энебизге айтпай, иним, сиңдим ооруканага келдик. Көрсө ушундай абалга кабылыштыр. Анан аргасыз ата-энеме айтып, тойду токтогонго туура калды. Ошентип мен ооруканада синдимди карап жатып калдым. Өзү тура албайт, бели жабыркаптыр», - деди ал.

Баткен облустук бириккен ооруканасынын сыныктар бөлүмүнүн дарыгери Абдилазиз Асанов жабырлануучулардын абалы туруктуу экендигин айтты.

Курбанбектин бир тууган агасы Майрамбек Таштанов той үчүн бардык даярдыктар көрүлүп, 100 миң сомдон ашык каражат сарпталгандыгын кошумчалады.

Учурда жаш жубайлар жана алардын достору ооруканадан чыгарылгандыгы маалым болду.

Баткен ШИИБдин башчысынын орун басары Тыныбек Аманбаевддин айтымында, аталган факты ошол эле күнү кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Жаракат алган боюнча соттук-медициналык, кырсыка кайсы айдоочу күнөөлүү экендигин аныктоо үчүн соттук-автотехникалык эскпертизалар дайындалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Баткен ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн тескөөчүсү Чолпонбай Арстанбековдун айтымында, быйылкы жылдын 10 айында облус аймагында 203 жол кырсыгы катталып, 44 адам каза болуп, 368 жаран ар кандай жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Былтыркы жылдын 10 айында 163 жол кырсыккатталып, 22 жаран каза болгон. 272 адам ар кандай жаракат алып, ооруканага жаткырылган.

Окуя тууралуу:

Буга чейин 3-ноябрда Баткен шаарында жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа кагышканы кабарланган.

Маалым болгондой, окуя саат 16:00 чамасында катталган. Баткен районунун Боз-Адыр айылынын 1989-жылы туулган тургуну өзүнүн «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып, оор жүк ташуучу унаа менен кагышкан. «Мерседес-Бенц» унаасында үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрүп жатышкан жаш жубайлар болгон. Жабыркагандар ооруканага жеткирилип, үлпөт той токтотулган.
Галерея: Той токтоп, өздөрү ооруканага жеткирилди: Баткенде үйлөнүп жаткан жубайлар кырсыкка кабылып, унаа талкаланды