Ат-Башы районунда акылдуу эшектин окуясын тартып алышкан.
Окуя театрдын жанындагы жол чыракта болгон. Анда ээси жок бараткан эшек жол чырактын кызыл белгиси жанганда токтоп, жашыл белгиси жанганда жүрүшүн уланткан.
Тургун Жаныбай Кожогуловдун айтымында, бул эшек гезит саткан Нурбек аттуу тургундун эшеги.
«Бул эшек айылдыктарга жаңылык деле болбой калган. Себеби, эшек дайыма жол чыракта ушинтип токтойт», - деди ал.