Бүгүн, 22-октябрда Таласта 9 айдын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.
Маалым болгондой, жыйынга мамлекеттик мекемелердин жетекчилери, айыл аймак башчылары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты. Анда облус аймагында 9 айдын жыйынтыгы боюнча социалдык жана экономикалык көрсөткүчтөр жөнүндө маалымат берилип, бир катар жетекчилерге тартип чарасы каралсын деген чечим чыгарылды.
2019-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджеттин жана төлөмдөрдүн план тапшырмалардын аткарылышына тийиштүү көңүл бурулгандыгы үчүн Бакай-Ата районунун акими Чолпон Төрөкуловго, салык маселесинде төмөн көрсөткүч үчүн түзүмдүн Таластагы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Молдалы Табалдиевге, салык боюнча көрсөткүч планга чыкпай калгандыгы үчүн Бакай-Ата районунун салык кызматы боюнча башкармалыгынын жетекчиси Рашид Токтоназаровго тартип чарасын көрүү боюнча чечим чыкты. Экономикалык көрсөткүчтөр боюнча Талас районунун, Манас районунун, Кара-Буура районунун акимдерине, Талас шаарынын мэрине тартип чараларынын көрүү маселеси айтылды.