Бүгүн, 19-октябрда Аламүдүн районунун Байтик айылында Канай уулу Байтиктин 200 жылдык мааракеси белгиленип жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.
Маалым болгондой, иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тургундар, президенттин, өкмөттүн аппаратынын кызматкерлери, маданият кызматкерлери, спортчулар катышууда. Маараке өтүлүүчү жайдагы 9 ордого 54 боз үй тигилди.
«Көк бөрү оюнуна облус боюнча 7 команда катышып, финалдык турга Панфилов, Сокулук, Жайыл жана Аламүдүн райондору чыгышты. Учурда таймаш улантылууда. 3-4 орундар үчүн Панфилов жана Сокулук райондорунун көк бөрүчүлөр күч сынашууда. Ал эми 1-2-орундар үчүн Жайыл, Аламүдүн райондорунун командалары ат салышат», - деди көк бөрү федерациясынын вице-президенти Тилек Урманбетов.