Ош шаарынын Достук аймактык кеңешиндеги 78-көчөнүн боюнда жайгашкан жогорку чыңалуудагы электр мамычасы кулап калуу коркунучунда турат. Кечээ, 17-октябрь күнү, аталган аймактагы 78-көчөнүн жашоочулары атайын көйгөйлөрүн айтуу үчүн топтолушкан. Атайын адистерди чакыртып, электр мамычаны жылдырып берүүнү суранып, коркунуч жаралып жатканын айтышкан.