13-октябрда Кара-Буура районунун Көк-Сай айылында малга кол салган карышкырлардын бири жок кылынды. Бул тууралуу жергиликтүү кеңештин депутаты Талгат Салыбеков билдирди.
Анын айтымында, карышкырлар малга 11-октябрда кол салган. Андыктан жергиликтүү кеңештин депутаттары малчыларга капкан алып берип, Кочкор-Ата кыштоосунан малга тийип жаткан карышкырларды жок кылуу боюнча аракеттер көрүлгөн. Жыйынтыгында бөрүлөрдүн бири капканга түшүп өлтүрүлдү.