Кадамжайдын Күлдү айылындагы стадионго мамлекеттик ишмер А.Орозбековдун ысымы ыйгарылды

turmush
Скачать
Просмотров: 488
 
Опубликовано 9 Октября 2019, 16:32

Кадамжай районунун Орозбеков айыл өкмөтүнүн Күлдү айылындагы борбордук стадионго мамлекеттик ишмер Абдыкадыр Орозбековдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу айыл өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай чечим жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан кабыл алынды. Бүгүнкү күндө Абдыкадыр Орозбековдун республикалык масштабда өтө турган 130 жылдыгына карата борбордук стадиондо оңдоп-түздөө иштери жүрүп жатат. Ал үчүн мамлекеттик бюджеттен 4 млн 600 миң сом бөлүнгөн. Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдык мааракеси 25-октябрь күнү өтөт. Анда анын эстилиги орнотулуп, салтанаттуу түрдө ачылат.