Кадамжайда А.Орозбеков атындагы музейди оңдолуп жатат

turmush
Скачать
Просмотров: 55
 
Опубликовано 9 Октября 2019, 12:33

Кадамжай шаарында Абдыкадыр Орозбеков атындагы музейди оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда музейдин жетекчиси Хабибулла Абдуллаев билдирди.
Анын айтымында, музей 1989-жылы ачылган. Ошол убактан бери оңдоп-түздөөдөн өткөн эмес. Имаратты оңдоо үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан 150 миң сом бөлүнгөн. Аталган иштери 17-октябрга чейин аягына чыгат.

Музейде жалпы 574 экспонант бар. Анда мамлекеттик ишмер Абдыкадыр Орозбековдун өмүр-таржымалы, кийген кийимдери жана буюмдары коюлган. Музейге кирүү үчүн чоңдордон 20 сом, окуучулардан 10 сом акы алынат. Пенсионерлер жана майыптар акысыз кирет.