Кадамжайдын Үч-Коргон айыл өкмөтүндө үй салууга жер тилкелер жетишпей көйгөй жаралууда

turmush
Скачать
Просмотров: 95
 
Опубликовано 9 Октября 2019, 12:20

Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүндө үй салууга жер тилкелер жетишпей көйгөй жаралууда. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Мастура Якубова билдирди.

Анын айтымында, Үч-Коргондо 35 миң адам жашайт. Үй салуу үчүн жерге кезекке тургандарын саны 4 миңден ашат. Анын ичинен 600дөн ашык жарандын тизмеси Ак-Турпак айыл өкмөтүндө жаңыдан өздөштүрүлгөн жер тилкесинен жер алуучулардын катарына кошуу үчүн акимчиликке берилген. Айыл өкмөттө элдин саны жылдан жылга өсүп жатат.