Ош шаарындагы Апсамат Масалиев көчөсүнүн 64-дарегиндеги үйдүн курулуш иштери сот иштери жүрүп жатканына байланыштуу убактынчалуу токтоп турган. Бирок бүгүнкү күндө курулуш иштери түнкүсүн жүрүп жатканын жергиликтүүлөр билдиришти.
Алардын айтымында, курулушта иштеген техникалардын үнүнөн улам жергиликтүү тургундар уктай албай жатат. Мындан улам алар курулуштун түнкүсүн жүрбөшүн каалашууда.