Чек арада ок атышуулар болгон Максат айылынын элине 190 миң сомдук азык-түлүк таратылды

turmush
Скачать
Просмотров: 129
 
Опубликовано 20 Сентября 2019, 18:14

Кечээ, 19-сентябрда Лейлек районунун Максат айылынын тургундарына, чек ара кызматкерлерине жаштар тарабынан материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүлдү. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүнүн жаштары 100 миң сомдук, Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн жаштары 70 миң сомдук, Баткен районунун Көк-Таш айылынын жаштары 20 миң сомдук материалдык жардам көрсөтүштү. Элге мал союлуп, эт, ар кандай азык-түлүктөр таратылды.