Баткендеги чек арада тажик тараптын мыйзамсыз курулуштары бузулуп жатат

turmush
Скачать
Просмотров: 38
 
Опубликовано 20 Сентября 2019, 16:04

Лейлек районунун Максат айылындагы кыргыз-тажик чек арасында тажик тарап салып жаткан курулуштардагы иштер токтотулду. Бул тууралуу Баткен облусунун жетекчисинин орун басары Кеңеш Салихов билдирди.
Маалыматка караганда, 16-сентябрда Лейлек районунун Максат айылында такталбаган аймактарга курулуш куруунун кесепетинен чыккан чырдын аягы кыргыз-тажик чек арачыларынын атышуусу менен аяктап, бир топ зыян алып келген. Анын негизинде эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Анда эки тарап тең такталбаган жерге курулуш курууну токтотушу керектиги айтылган. Бүгүнкү күндө Баткен районунун Жака-Өрүк аймагында тажик тарап жүргүзүп жаткан курулуш иштери токтотулуп, пайдубалдар бузулуп жатат. Тажик тараптын Максат айылындагы Кык жайлоосу жактагы курулуш иштери да токтотулду.
Ошол эле учурда кыргыз тараптан курулуп жаткан курулуш иштери да токтотулду