Ак-Талаада Калифорния калканчасы пайда болдубу?

turmush
Скачать
Просмотров: 58
 
Опубликовано 20 Сентября 2019, 12:54

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун 3 айылында пайда болгон зыянкеч куртту жок кылуу жана айыл чарба тармагы боюнча берилип жаткан насыяларды эффективдүү пайдалануу маселеси талкуулангандыгын аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, кечээ 19-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын айыл чарба, өнөр жай жана мелиорация министрлигинин алдындагы өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин башчысы Ильич Марсбек уулу, Нарын аймактык өсүмдүктөрдү коргоо жана химиялаштыруу бөлүмүнүн башчысы Кубан Оторбаев Ак-Талаага иш сапары менен келип жогорудагы эки маселе боюнча жыйын өткөрдү. Жыйынга акимдин биринчи орун басары Абдымалик Сулайманов, айыл өкмөт башчылары, тийиштүү мекеме-ишкана жетекчилери катышты.
Анда Ак-Тал, Үгүт жана Жаңы-Талап айылдарында алма өсүмдүктөрүндө Калифорния калканчасы аттуу зыянкеч курт катталгандыгын, аны жоготуу жана мөмө жемиштерди өз убагында дарылап туруу маселеси айтылды.
"Аталган зыянкеч былтыркы жылы Жаңы-Талап айылында катталган болсо, быйылкы жылдын изилдөөсү менен Үгүт жана Ак-Тал айылында катталууда. Бул зыянкеч буга чейин Нарын аймагында болгон эмес. Зыянкеч туурасында айтып кетсек. Муну Калифорния калканчасы деп коёт. Мөмө-жемиш бактарында болот. Алма, өрүктөргө жабышат. Бул курттун үстү калканчасы болот. Дары сепкен менен андан калканчасы менен коргонуп алат дагы өлбөйт. Акырындан мөмө бактардын азык заттарын соруп алат. Мөмө бактар акырындан ооруп өлө берет. Мөмө бербей калат", - деди И.Марсбек уулу.
Мындай зыянкеч катталган аймакка карантин жарыяланат. Карантин жарыланса багбандар же жергиликтүү тургундар мөмө-жемиштерин сата албай калаарын, ошондуктан, бул зыянкеч жайылып кете электе мөмө-жемиштерди жаз алды менен дарылоо керектигин, бул ишке айыл өкмөттөр дагы чара колдонууга тийиш экендигин кошумчалап өттү.
Андан сырткары, учурда мамлекет тарабынан 10 пайыздык өлчөм менен айыл чарба жаатына берилип жаткан насыялар эффективдүү пайдаланылбай, канчалык насыя берилгени менен айыл чарба тармагында натыйжалуу көрсөткүч болбой жаткандыгын айтып, насыя алып жаткан дыйкандарга же фермерлерге түшүндүрүү иштерин колго алуу керектигин белгилеп өттү.