Тоңдо 150 жыл мурда тигилген өрүк бактын баяны

turmush
Скачать
Просмотров: 2789
 
Опубликовано 17 Августа 2019, 15:07

Тоң районуна караштуу Оттук айылынын тургуну Шейшен Абразаковдун чарбагында эң узак жашаган  эки түп өрүк багы бар. Аймактык кабарчы өрүк бактын тарыхына кызыгып көрдү.  
 «Оттук айылынан  Касаболот Эсен уулу деген адам  1850-1860-жылдары  отуз жашында Кытайдын Турпан шаарына мал айдап барып соодалайт.  Керектүү буюмдарды, азык-түлүктөрдү алып, алар менен кошо өрүк, мейиз сыяктуу жер-жемиштерди сатып алат. Оттукка келгенден кийин  жер-жемиштерди жеп, өрүктүн  эки данегин жерди чукуп тигип коет.  Данектен эки түп өрүк өсүп чыгат.
Касаболот Эсен уулу өзү жүз жашка чыгып кайтыш болуптур. Кийин анын уулу Карасарт жашап турат. Союздун алгачкы жылдарында эле элдер бул бактан өрүк терип жеп, Турпан өрүк деп аталганын  улуу муундар айтып келишет. Бул аймакта мындан башка бак жок болуптур. Бул бакты  Карасарт Касаболот уулу багып жүрүп, кийин 1967-жылдары кайтыш болот.  Анын уулу Дүйшөк башка жакка көчүп кетип, бак 20 жылча кароосуз калат. Ошондо эле бала-бакыралар бакка чыгып, өрүк жешип, айыл тургундары Турпан өрүк деп терип алышчу экен.
  Мага 1985-жылдары бул жерди айылдык кеңеш  бөлүп берип үй салдым. Ошондон бери жашап жатам. Өрүк бакты ошол бойдон  сактап койдум. Азыр да түшүм берүүдө. Айыл тургундары 150 жылдан ашкан Турпан өрүктөн «ооз тийели» деп ырым кылып алып кетишет», - деди Шейшен Абдразаков.