Кара-Көл шаарында 100 бала акысыз эс алды

turmush
Скачать
Просмотров: 131
 
Опубликовано 17 Августа 2019, 12:51

Кара-Көл шаарында 100 бала акысыз эс алды. Бул туралуу шаардын вице-мэри Гульмира Сатарова билдирди.
Маалым болгондой 16- август Кайыңды жайкы эс алуу лагеринин жабылуу аземи болуп өттү. Жалпысынан аталган лагерде 755 бала эс алды. Анын ичинен 100 бала аз-камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары, акысыз эс алышты.
Жайкы эс алуу учурунда балдар кыргыздын баалуулуктарын даңазалап сармерден оюну, манас айтуу, комуз чертүү, кыргыз тилиндеги макал-лакаптарды айтышып, өз таланттарын көрсөтүштү. Ошону менен бирге ааламдашуу доорунда англис, орус тилиндеги чыгармаларды аткарышып, ата-энелерин кубантышты. Вице-мэрдин айтуусунда балдардын тамактануусу боюнча ата-энелерден арыз түшкөн эмес. Тамак-аштын сапаты көзөмөлдөнүп турду. Лагер шаарга жакын жайгашкандыктан профсоюздук уюмдун жетекчилери, ата-энелер тез-тез барып, кабар алып турушту.