Кочкорлук окуучу сууга чөгүп бараткан мектеп окуучусун сактап калды

turmush
Скачать
Просмотров: 1736
 
Опубликовано 16 Августа 2019, 10:18

Кочкорлук окуучу көлгө чөгүп жаткан баланы сактап калды. Бул  тууралуу аймактык кабарчы  маалымдады.

Каракол шаарындагы пляжда катамаранда бара жаткан  мектеп жашындагы бала көлгө секирип  кетип, чөгө баштаган. Ошол жерде мектеп окуучуларынын туристтик-спорттук  ачык мелдештерине катышуу үчүн  Жалал-Абад жана Нарын облусунан келген окуучулар эс алып жатышкан.  Алардын ичинен Кочкор районунан барган Мирлан Биримкул уулу көлгө секирип түшүп, баланы жээкке аман-эсен алып чыккан. ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы Биримкул уулу Мирланды ардак грамота менен сыйлады.