Ж.Разаков Баткендеги чек арада тажик тарапк жерлер берилип кеткендиги жөнүндө маалыматты төгүндөдү

turmush
Скачать
Просмотров: 107
 
Опубликовано 15 Августа 2019, 14:17

Кечээ, 14-август вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалым болгондой, жолугушууда облус жетекчиси Акрам Мадумаров айылда тажик тарап менен чыр-чатактардан кийинки сүлөшүүлөрдөн боюнча такталбаган маалыматтар таралып жатканын айтты. Тажикстан тарапка эч кандай коридор берилбегендигин, чек ара маселеси жерлерди алмашуу жолу менен чечилет деген маалыматтар жалган экенин кошумчалады.
Галерея: Баткендеги жыйында тажик тарап менен жерлер алмаштырыла тургандыгы жөнүндө маалыматтар төгүндөлдү

Жыйында Ак-Сай айылындагы социалдык маселелер да көтөрүлүп, айылдын Бакай конушуна суу чыгаруу үчүн мамлекеттик бюджеттен акча каралгандыгы айтылды. Учурда конушка суу тартуу иштеринин долбоору даярдалууда. Долбоор ишке ашса айыл тургундарына турак жай салуу үчүн жер тилкеси берилет.

Жеңиш Разаков мындан тышкары Ак-Сай–Тамдык жолунда жүргүзүлүп жаткан иштер менен да таанышты. Учурда жолдун кооптуу тилкесинде жардыруу ишери жүрүп жатат. Ак-Сайдан Тамдыкка чейин 11 чакырым жол салынган. Алдыда дагы 2 чакырым жолду салуу иштери жүрүүдө.

«Ош–Баткен–Исфана автожолдор» ишканасынын директору Ашимбек Үсөновдун айтымында, Ак-Сай айылына мамлекеттик бюджеттен 2019-жылга 220 млн сом акча бөлүнгөн. Бөлүнгөн акча айыл аймакта бала бакча, мектептин оңдоо иштерине, Көк-Таш–Ак-Сай–Тамдык унаа жолун салуу, Бакай конушун суу менен камсыз кылууга жумшалмакчы. Ал эми келерки жылга Ак-Сай–Рават жолун асфалттоо иштери колго алынат.