«Замана кыргыз», «Көк асман астындагы он сан кыргыз», «Хан Самансур», «Жайыл баатыр баяны» аттуу китептердин автору, акын, санжырачы Нуритдин Жумалиев Чүй облусунун Панфилов районундагы Эркин-Сай айылынын 60 жаштагы тургуну. Ал учурда Каптал-Арык айылындагы А.Осмонов атындагы мамлекеттик мемориалдык комплексинин директору. Анын алп акын Алыкул жөнүндөгү тааныш - бейтааныш, белгилүү-белгисиз эскерүүлөрү менен аймактык кабарчы таанышты.