Тоголок Молдо айылынын жашоочулары таза суу жок, айылдан 3-4 чакырым алыстыктан ылай суу жатышат

turmush
Скачать
Просмотров: 1419
 
Опубликовано 14 Августа 2019, 09:22

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын жашоочулары таза суунун жоктугунан улам ылай суу ичип жатышкандыктарына нааразы болуп аймактык кабарчыга кайрылышты.
Маалым болгондой, бугүнкү күндө аталган айылда таза суу чыкпай жергиликтүү тургундар 2-3 чакырым алыстыктагы агын суулардан суу ташып ичиа жатышкандыгы жергиликтүү тургундар тарабынан маалымдалды. Алардын айтымында айылга таза суу системасы 1970-жылы курулган. 2005-жылы капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн. Жалпы 44 суу чоргосу курулганы менен бугүнкү күндө анын 20 га чукул гана суу чоргосу иштөөгө жарамдуу. Калганы жарактан чыккан. Таза суу топтомунан тарта айылга кирген жана айылдын ичинде жер алдына жайгашкан суу түтүктөрүнүн эскилигинен улам суу түтүктөрүнүн жарылуусу көп болуп жарылган жерлерди оңдоого иштери 10-15 кунгө чейин улангандыктан, айыл эли арыктагы ылай суудан, айылдан 3-4 чакыоым алыстыктагы булактардан жана агын сууларынан суу ташып ичүүгө аргасыз болуп жатышат.
"Азыркы тапта айылыбызда таза суу чыкпайт. Абал кыйын. Айылдан 3.4 чакырым алыстыктан суу ташып ичип жатабыз. Жөө ташыганы бар, ат, эшек, велосепед жана унааоар менен ташып жатабыз. Жер алдындагы суу түтүктөр көп жарылат. Жарылган жерлерин казып, суу чыккан жерлерин жамап ишке бергиче 10-15 күн убакыт өтуп кетет. 5 күн суу чыкча 15 кун суусуз калабыз. Бул көйгөйдүн жаралганына 1 жыл болуп калды. Биздин таза суу көйгөйүбуздү ким чечип берет, бизди ойлогон деле жан жок", - дейт жергиликтүү тургундар.
Айылдагы таза суу көйгөйү туурасында айыл өкмөт башчысы Алмаз Кулов абал оор болуп жаткандыгын кошумчалады.
"Туура. Учурда абал абдан оор болуп жатат. 2005-жылдары таза суу системасы капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн экен. Бирок, мурунку темир суу түтүктөрүнүн ичине эле желим суу түтүктөрүн сойлотуп жасап салышкан. Суу түтүктөрү жарылган жерди жамоого бир топ убакыт кетип жатат. Анын үстүнө капиталдык оңдоодон өткөрүп жатышканда долбоор боюнча Боор-Албас деген айылдан 10 чакырым алыстыктагы жердеги булактардан таза суу тартылып келмек экен. айылдан 4 чакырым алыстыктагы Ботогар деген булактан тартып келип коюшкан. Кыскасы, капиталдык оңдоо иштери сапатсыз бүткөрүлгөн. 2023-жылга чейин айылдарды таза суу менен камсыздоо боюнча КРнын президентинин программасына сунуштап жатабыз. Ага чейин айыл эли 4-5 миң сомдон каражат чогултуп берсе убактылуу ондоп алалы деп жатабыз. Башка айла жок болууда", - деди ал.