Лейлек районунун Исфана шаарынын тургуну Инсанай Ганиева 20 жылдан бери эски пахталарды иштеткен цех менен элге кызмат кылып келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, күнүнө 600-700 кг чейинки эски пахтаны кайра иштетип чыгарышат.
«Бизге эл иштелип жаман болуп калган эски пахталарын алып келишет. Алардын 1 кг 14 сомдон тазалап беребиз. Ал эми тазаланган пахталарды болсо 110 сомдон сатабыз»,- деди ал.
Бул жерде жумушчу болуп иштеген Асрарбек Хажибабаевдин айтымында күнүнө 400 сомдон акы алышат. Алар 4 жумушчу болуп иштешет.