Баткендин Чоң-Талаа айылында таза суу түтүгүн үйлөрүнө жашырын алып кирип алгандар аныкталды

turmush
Скачать
Просмотров: 138
 
Опубликовано 13 Августа 2019, 15:42

Баткен районунун Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Талаа айылында таза суу түтүгүн үйлөрүнө жашырын алып кирип алган 40таш ашык адам аныкталды. Бул тууралуу айыл өкмөттүн «Таза суу» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Туратбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, буга чейин көчөдөгү суу түтүктөрдө суу чыкпай калып, жергиликтүү тургундар суу түтүктөрдүн чуңкуранан алып калышкан. Анткени сууну үй ээлери жашырын тартып алышкан. Акимчиликтин өкүлдөрү текшерүү жүргүзүп, үйлөргө тартылган суу түтүктөрдү жабышты. Мындан ары көчөлөрдө суу чыгып баштайт. Бул боюнча акимчилик тарабынан тиешелүү чаралар көрүлөт. Элдин таза сууга көңүл кош мамилесинен улам «Таза суу» муниципалдык ишканасы быйыл электр энергиясына 75 миң сом карыз болуп калган.